Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/142
Туруктуу комиссиялардын төрагаларынын бир жылдык отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрт туруктуу комиссиясынын төрагаларынын отчётторун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.3 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2014-жылга аткарган иштеринин бир жылдык отчёттору жалпы түрүнөн «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Шаардык Кеңеш тарабынан туруктуу комиссиялардын аткарган иштеринде белгиленген кемчилдиктерди жоюу туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |