Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/144
Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга аткарылышы боюнча шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын отчётун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 14-майындагы № 01-01/94 токтому менен бекитилген 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга аткарылышы боюнча, шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага шаардык Кеңештин «Каржы, бюджет, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын белгилеген сын- пикирлери эске алынсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2013-2014-жылга киреше бөлүгү боюнча көрсөтүлгөн 52,878,271 (элүү эки миллион сегиз жүз жетимиш сегиз миң эки жүз жетимиш бир) сом пайдалуу кендерден алынуучу 2% салыктан түшкөн акча каражаты иштетилбегендигин эске алуу менен бюджеттин аткарылышы бекитилсин.
4. Токтомдун үчүнчү пунктунун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Каржы, бюджет, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |