Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/146
2015-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, каржы, экономика жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 49-беренсине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү № 1 жана №1/1 тиркемеге ылайык 96 915 500 (токсон алты миллион тогуз жуз он беш мин беш жуз) сом сумма өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2015-жылга Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгү № 2 жана № 1/2 тиркемеге ылайык 96 915 500(токсон алты миллион тогуз жуз он беш мин беш жуз) сом сумма өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2015-жылга шаардык жергиликтүү бюджеттин чыгашалары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 37-беренсине ылайык корголуучу чыгаша чыгымдарын жана коммуналдык чыгымдарын эске алуу менен пландаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21-беренсине ылайык 969 000(тогуз жүз алтымыш тогуз миң) сом суммада жергиликтүү өз алдынча башкаруунун резервтик фонду №4 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 23-беренсине ылайык, жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын жыл башында калган калдыгынын эсебинен 2015-жылдын 01-январына карата 30 000(отуз миң)миң сом суммада кассалык накталай акча каражаты белгиленсин.
6. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин ар бир иш күнүнө 250(эки жүз элүү) сомдон компенсация № 3 тиркемеге ылайык 1 846 700(бир миллион сегиз жүз кырк алты миң жети жүз) сом суммада бекитилсин.
7. Спорт мектебинин окучулары Кыргыз Республикасынан тышкары чет өлкөгө спорттук мелдештерге катышууга № 6 тиркемеге ылайык сапар чыгымы эсебинен 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сом суммада белгиленип бекитилсин.
8. Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатына каралган 53 301 000(элүү үч миллион үч жүз бир миң) сом акча каражаты № 5 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасындагы 2005-жылдын 25-июнундагы №82 «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесине ылайык, бюджет каражаттары бөлүштүрүүдө коомдук алдын алуу борборундагы, коомдук курамдарга алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө материалдык жана башка жардамдар караштырылсын, акчалай сыйлоо шаардык мэриянын түрдүү чыгымдарынын эсебинен мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу шаардын мэри К.М.Эгембердиевге жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджетти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, салык, каржы, экономика жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |