Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/147
Мамашарипов Жаныбектин арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Ж.Мамашариповдун Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан Транспортная көчөсүнүн мардагы Таш-көмүр ПМКсына караштуу административтик курулуштун профилин өзгөртүп жашай турган жайга уруксат берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген жобого жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү жобого негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамашарипов Жаныбектин Транспортная көчөсү мардагы Таш-Көмүр ПМКсына караштуу административтик курулуштун профилин өзгөртүп жашай турган жайга уруксат сураган арызы канааттандырылсын.
2. Турак жай курууга бардык иш кагаздарды даярдап берүү, райондук архитетуура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |