Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/148
Жалал-Абад транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүмүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Жалал-Абад транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүмү тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө кошумча эки штаттык бирдигин өзүн өзү каржылоонун эсебинен киргизүүнү угуп жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык бирдигине Жалал-Абад аймакттык транспорт каражаттарын каттоо департаментинин эки шататтык бирдиги келишимдин негизинде бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |