Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/149
“Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасынын башчысы Р.К.Чойбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңенинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасынын башчысы Р.К.Чойбековдун кайрылуусун угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 19-беренсинин 3 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасынын башчысы Р.К.Чойбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасынын жылуулук берилүүчү от казанынын бири жаратылыш газы менен алмаштырылсын. Жаратылыш газына өткөрүүдө керектүү шаймандар менен камсыз кылууну уюштуруу жылуулук камсыздоо ишканасынын башчысы Р.К.Чойбековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Мунципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселеси боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |