Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/150
“№77 Кесиптик лицейдин чатырын алмаштыруу боюнча Акматалиев Мамалинин кайрылуусу жөнүндө”
Шаарыбыздын аймагында жайгашкан, кесиптик лицей №77 азыркы аталышы 1952-жылы курулган. Азыркы учурда эскилиги жетип, жааган жамгырдан улам класстардан тамчы өтүп кыйынчылыктар жаралууда. Кесиптик лицейдин директорунун маалыматын угуп жана талкуулап кезектеги шаардык Кеңештин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 52-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №77 Кесиптик лицейдин директору М.К. Акматалиевдин кесиптик лицейдин чатырын алмаштыруу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайрылууда көрсөтүлгөн 570 000 (беш жүз жетимиш миң) сом акча каражатын табуу шаардык мэриянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |