Редакцияот 30.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы

 

2015-жылдын 30-марты № 01-05/151

Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүү жөнүндө

 

 Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытовичтин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 59-беренесинне жана Кыргыз Республиксынын Президентинин 2001-жылдын 02-майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жобого ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 28-апрель күнү жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүү күнү деп белгиленсин.

2. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайында төмөндөгү маселелер күн тартибине киргизилсин.

- Кочкор-Ата шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга коюлган милдеттери жөнүндө. (Докладчы Кочкор-Ата шаарынын мэри К. М. Эгембердиев)

- Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизип бекитүү.

-Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн, Эл башын жана квартал башчыларын шайлоо.

3. Жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүүнү жогорку деңгээлде өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин түрдүү чыгымдар эсебинен 100 000(бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылуунун каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардын мэри К.М.Эгембердиевге жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков