Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/152
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык
комбинатынын директору А.Т.Жумаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык комбинатынын директору А.Т.Жумаевдин 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин сметасын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык комбинатынын бюджетинин киреше бөлүгү азырынча 5 000 000 (беш миллион) сом сумма өлчөмүндө бекитилсин.
2. II-III-квартал ичинде киреше булактарынын эсебинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын табуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жүктөлсүн.
3. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык комбинаты Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасы деген сөз менен алмаштырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жана Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |