Редакцияот 30.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы

 

2015-жылдын 30-марты № 01-05/153

Жомок балдар бакчасынын башчысы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, 2015-жылдын 17-февралындагы №01-8/01 Буйругу менен түзүлгөн комиссиянын «Жомок» балдар бакчасынын башчысы А.Сапарованын үстүнөн жазылган арызды текшерүүнүн жыйынтыгы менен жазылган тактамасын Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин убактылуу комиссиясынын төрайымы А.Нуркамилованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-44-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Жомок» балдар бакчасынын башчысы Сапарова Арзыкан Тойчуевнаны кызмат ордун кароо Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза К.М.Эгембердиевден жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуевден суралсын.

2. Каралган маселе боюнча карап чыгып, маалымат берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза К.М.Эгембердиевке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков