Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 26-майы № 01-05/154
Муздак суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомуна караштуу шаарды таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Маматовдун 2015-жылга чарбалык ичимдик жана чыгынды сууларынын (канализация) өздүк наркы боюнча эсептик материалдарды бекитип берүүнү суранып жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн 1м³ таза суунун наркы салыгы менен 13 сом 78 тыйын жана чыгынды суулардын (канализациянын) 1м³ салыгы менен 18 сом 63 тыйын болуп белгиленип бекитилсин.
3. Шаарды таза суу менен камсыз кылып жаткан «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн, жоготуунун суммасын азайтуу, калкка суу жеткирүүдө жаралып жаткан нааразычылыгын жана суунун чыгымын азайтуу максатында, шаардагы таза суу түтүгү бар ар бир үйгө суу эсептегич орнотууну тездетүүнү «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун жетекчилигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун шаар калкын таза суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Маматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.М. Нусупбеков |