КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 26-майы № 01-05/157
Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Геофизика көчөсүнө Мырзамамыт Эгембердиевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Геофизика көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Мырзамамыт Эгембердиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү жана өз каражатынан жүргүзүүнү камсыз кылуу маркум Мырзамамыт Эгембердиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.М. Нусупбеков |