Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 26-майы № 01-05/158
Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы мектеп мугалимдеринин
коммуналдык чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Кыргыз Республикасындагы “Бюджеттик укуктун негизги принциптери” жөнүндөгү мыйзамынын 19-беренесине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жыл башында калган калдыгынын эсебинен Кочкор-Ата шаарында жайгашкан №14 Губкин атындагы, №15 Беки уулу Семетей атындагы, №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектептеринин жана Н.Исанов атындагы жатак гимназиянын мугалимдеринин коммуналдык чыгымы түрдүү чыгымдын эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. 404 000 (төрт жүз төрт миң) сом акча каражатын мектеп мугалимдердин коммуналдык чыгымына бөлүнгөн акча каражатын табуу жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. 2015-жылдын бюджетинен аппаратка каралган түрдүү чыгым беренесинен 76 000 (жетимиш алты миң) сом акча каражаты кыскартылып, кыскартылган акча каражаты мектептердин түрдү чыгым беренесине 76 000 (жетимиш алты миң) сом жылдырылсын, жылдырылган акча каражаты жыл башында калган калдыкка кошумчаланып, мугалимдердин коммуналдык чыгымы төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза К.М.Эгембердиевге жана «Каржы экономика, бюджет, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.М. Нусупбеков |