Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 01-05/159

Кочкор-Ата шаардык үй-бүлөөлүк дарыгерлер

 борборунун директору К.А.Жумабаевдин кайрылуусу жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык үй-бүлөөлүк даарыгерлер борборунун директору К.А.Жумабаевдин тез жардам бөлүмүнүн эскилиги жетип жаан-чачын болгондо төбөсүнөн тамчы өтүп, полдору чирип дубалдардын шыбагы курап терезелердин эскилиги жеткендиги жөнүндө кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин Кыргыз Республикасынынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери” жөнүндөгү мыйзамынын 52-беренесине ылайык  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата үй-бүлөөлүк даарыгерлер борборунун директору К.А.Жумабаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Кайрылууда, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин убактылуу комиссиясынын тактамасында тез жардам бөлүмүнүн имаратынын өтө эскилиги жеткендигине байланыштуу ремонттон өткөрүлсүн.

3. Ремонтко кеткен чыгымдардын сметасын аныктап иштеп чыгуу жагы Кочкор-Ата шаардык үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун директору К.А.Жумабаевге милдеттендирилсин.

4. Ремонт иштерине кеткен акча каражатын табуу жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Каржы экономика, бюджет, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.М. Нусупбеков