КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 26-майы № 01-05/160
Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII элдик курултайынын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII элдик курултайынын күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 59-беренесинин, Кочкор-Ата шаарынын Жергиликтүү жамаатынын уставынын 5-пунктунун 1,2-пунтчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев К.М. 2013-2014-жылдар аралыгында аткарылган иштери боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн баардык пункттар шаар мэриясы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.М. Нусупбеков |