Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 26-майы № 01-05/161
Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменитинин башчысы Ч.Өсөровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жеригиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-32-беренесине жана муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жобосуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Өсөровдун маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин 4 штаттык бирдиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
а) Чарба башчы айлык маянасыз иштеп жаткандыктан январь айынан эсептелип төлөнүп берилсин.
б) Кароол 1 штат айлык маянасы 1650 (бир миң алты жүз элүү) сом.
в) Техникалык көзөмөлдөөчү сметчик 1 штат.
г) Монтажная көчөсүндөгү балдар бакчасынын имаратына 1 штат кароол.
3. Департаменттин аткарган иштери боюнча жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеңешке отчёт берип туруу жагы департаменттин башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселеси боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.М. Нусупбеков |