Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 01-05/162

Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жаштар саясаты жана спорт, туризм боюнча адиси С.Абдуллаевдин кайрылуу катын кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жаштар саясаты жана спорт, туризм боюнча адиси Абдуллаев Садыкалланын кайрылуу катында көрсөтүлгөн Кочкор-Ата шаарынын “НЕФТЧИ” спорт комплексинин директору Шамшиев Каныбек Чүрөкович катышып “Тop.kg” газетинин тандоосу боюнча 2014-жылдын “МЫКТЫ СПОРТ КОМПЛЕКСИ” наамына жетишкендиги баарына белгилүү болду Кочкор-Ата шаарын Кыргызстанга дагы бир жолу даңазалаган шаарыбаздын тургуну катары жаштарды дени сак жашоого үйрөтүүгө кошкон салымын эске алып, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаштар саясаты жана спорт, туризм боюнча адиси С.Абдуллаевдин сунушу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата спорт комплексинин директору Шамшиев Каныбек Чүрөковичтин эмгегин эске алып, Кочкор-Ата шаар мэриясынын сыйлыгына сунушталсын.

3. Аталган токтомду аткаруу жана уюштуруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза Эгембердиев К.М. жоопкерчилигине жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.М. Нусупбеков