Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 01-05/163

Ноокен районунун Ооган согуш ардагерлеринин төрагасы

 Б.Т.Мурзабаевдин кайрылуу катын кароо жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, шаарыбыздын аймагында жайгашкан Ооган согушунун ардагерлери жана алардын үй-бүлөөлөрүнүн кайрылуу катын кароо боюнча Ооган согуш ардагерлеринин төрагасы Б.Т.Мурзабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен районунун Ооган согуш ардагерлеринин төрагасы Б.Т.Мурзабаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Кайрылууда көрөстүлгөн 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын табуу жагы шаардык мэриянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага жана шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Каржы экономика, бюджет, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.М. Нусупбеков