Редакцияот 15.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2014-жылдын 15-июлу № 48

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (бешинчи шайланган ) күн тартибиндеги сегизинчи маселе, «Шамшат-Суу» ИСКАКБ (СООППВ) тарабыннан 2014-жылга сунушталган ичүүчү сууга коюлган баасын (тарифин) бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Шамшат-Суу» ИСКАКБ (СООППВ) тарабыннан 2014-жылга сунушталган ичүүчү сууга коюлган баасы (тарифи) элге бериле турган 1 м.куб суунун баасы – 13 сом 84 тыйын,

- көчөдөн суу ичкендер – 16 сом 61 тый.,

-үйдөн суу ичкендер – 22 сом 84 тыйын коюлган баасын (тарифин) бүгүнк күндөн баштап үч ай мөөнөткө убактылуу бекитип берилсин жана 2015-жылга карата жаңы баасы (тариф) иштеп чыгылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатиллаев