Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 54
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы күн тартибиндеги, “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын 04.10.2012-жылдагы № 855-катынын жана Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 13.07.2012- жылдагы №129-буйругунун негизинде “Ачы” массивине ичүүчү жана сугат суу алып өтүү үчүн Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн “Озгур” участкасындагы “айыл чарба багытындагы” жерлерди “өнөр-жай,транспорт,байланыш, коргонуу жана башка багыттагы” жерлер категориясына которуу боюнча Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 18.06.2013-жылдагы кезексиз V сессиясынын № 21-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 18.06.2013-жылдагы кезексиз V сессиясынын № 21-токтомунун 1-пунктундагы “Озгур” учаскасындагы “7,60 га кайракы айдоо жер” деген сөз – “6,20 га кайракы айдоо жана 1,40 га жайыт жер” деп өзгөртүлсөн.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 18.06.2013-жылдагы кезексиз V сессиясынын № 21-токтомунун -пунктундагы “Озгур” участкасындагы ичүүчү жана сугат суу өтүүчү суу түтүктөрүнөн “Кызыл-Кыштак айыл округуна суу бөлүүчү түтүктөр (задвишкалар) орнотууга уруксат берилсин” деген сөз “Кызыл-Кыштак айылдык аймактын жарандарын суу менен камсыз кылуу максатында суу бөлүүчү түтүктөрдү (задвишкалар) орнотуу “курулуш долбооруна” (строительный проект) киритилсин” деп өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөткө тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатиллаев
|