Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-октябры № 57
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы (бешинчи шайланган) күн тартибиндеги: “Айыл аймагында «Альфа-Телеком», «Нур-Телеком» жана «Билайн» ЖАК компанияларынын уюлдук телефон антена-фидер жабдуулары жайгашкандыгы үчүн айыл өкмөтү менен келишим түзүүнү бекитүү жөнүндөгү” биринчи маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жайгашкан «Альфа-Телеком», «Нур-Телеком» жана «Билайн» ЖАК уюлдук телефон команияларынын антена-фидер жабдуулары жайгашкан жерлер үчүн айыл өкмөтү менен ижара келишими түзүлсүн.
2.Келишимдин негизинде түшкөн ижара акылары айыл өкмөтүнүн зарыл болгон иштерине жумшалсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнө тапшырылсын..
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатиллаев
|