Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-октябры № 58
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы (бешинчи шайланган) күн тартибиндеги: “Айыл аймагындагы көйгөйлүү социалдык маселелерди чечүү максатында 2014-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана буга чейин болгон өзгөртүүлөрдү бектүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ”Укук бузуунун алдын алуу жөнүндөгү“ 27.07.2005-жылдагы № 82-токтомунун жана КР ИИМ 03.10.2014-жылдагы ыкчам кеңешмеде койгон талаптын негизинде “Милициянын аймактык пункутун” ачылышна, кабинеттердин ремонтуна 30,0 миң сомдук финансылык жардам көрсөтүлсүн.
2. Сүрөттүү-Таш учаскасындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө шагыл төшөп, өңдоп-түзөө үчүн Жаңы-Турмуш айылынын көчөлөрүнө каралган 100,0 миң сом которулсун.
3. Айыл аймагындагы мектептерге, балдар бакчаларына чарбалык жана кеңселик товарларына 200,0 миң сом ажыратылсын.
4. Коммунимст айылындагы жаңы конуштардагы калкты электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр мамычаларга жана зымына 150,0 миң сом ажыратылсын.
5. 2014-жылдын бюджети кабыл алгандан берки бюджеттин чыгаша бөлүгүнө, айылдык кеңештин финансы боюнча туруктуу комиссиясынын киргизген өзгөртүүлөрү бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөткө тапшырылсын.
7.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатиллаев
|