Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июлу № 14/1
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылга кошумча смета бекитүү жөнүндө
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү артыкчылыгы менен аткарылып кошумча смета бекитүү, айылдык кенештин «план жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, депутаттардын Жаны-Арык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга карата Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө пландан ашыкча түшкөн кирешелердин эсебинен 1290,0мин сом өлчөмүндө кошумча смета бекитилсин.
2. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин пландан ашыкча түшкөн киреше 1290,0 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2014-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаны-Арык айыл өкмөтү жыл ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы М.Матраимовго бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Шерматов |