Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 5-декабры № 17/1
Жаңы-Арык айылдык аймагынын Таш-Арык жана Ак-Терек айылдарынан 133,8 га
кайрак айдоо жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 5-октябрындагы №172-б“Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө”буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2014-жылдын 3-декабрындагы корутундусунун негизинде Жаңы-Арык айылдык кенеши карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Арык айылдык аймагынын Жаны-Арык айылындагы №95 контурдагы 13,4га, №105 контурдан 26,9га, №108 контурдан 14,9, №103 контурдан 15,5 га, баардыгы 70,7га.
- Таш-Арык айылындагы № 108 контурдан 12,2га, №138 контурдан 14,90га, №142 контурдан 17,40 га баардыгы 41,5га:
- Ак-Терек айылындагы №1168 контурдан 7,4га, №1202 контурдан 14,2 га баардыгы 21,6 га болуп жалпысы 133,8 га кайрак жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которулсун.
2. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыктарынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Матраимовго жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык кенешинин Айыл,суу чарба өндүрүштү көтөрүү, ишканалар менен иш алып баруу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Шерматов |