Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 5-декабры № 17/3
Жаны-Арык айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы 61.0 га кайрак жер аянтын
“Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 5-октябрындагы №172-б“Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө”буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2014-жылдын 3-декабрындагы корутундусунун негизинде Жаңы-Арык айылдык кенеши карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылдык аймагынын Жаны-Арык айылындагы №95 контур 13.4 га, №103 контур 15,5 га, №105 контур 26,9 га, №108 контур 14.9 га жалпысы 70,7 га кайрак жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которулсун.
2. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыктарынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Матраимовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айылдык кенешинин Айыл,суу чарба өндүршт көтөрүү, ишканалар мене ниш алып баруу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Шерматов |