Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели №15/3
Депутаттардын Талаа-Булак айылдык округдук Кеңешинин 2009-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Мыйзамынын 27- беренесинин 2- бөлүмүнө ылайык айылдык округдун башкы эсепчиси М. Исраилованын отчетун угуп жана туруктуу комиссиянын билдируусунун негизинде Талаа-Булак айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылдык округунун 2009-жылдагы жергиликтуу бюджетинин отчетунда көрсөтүлгөн киреше бөлүгү 9277400 сомго пландалып 9419830 сомго аткарылган же болбосо 142430 сомго ашык аткарылган, чыгаша бөлүгү 9463900 сомго пландалып 9445300 сомго аткарылып же болбосо 18600 сомго кем аткарылганы белгиленсин.
2. Айылдык округунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн түрү менен толук аткаруу жагы башкы эсепчиге жана салык инспекторуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана салык,муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Жакыпбаев |