Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 21/51

Коңорчок айылөкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Форель” жамаатын юридикалык каттого алуу жөнүндө

 25.02.2005жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Конорчок айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Форель” жамаатын юридикалык каттого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап Конорчок айылдык Кенешинин 21 чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Конорчок айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Форель”жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын: Жамааттын айыл өкмөтүндөгү каттоо № 1 Уюштуруу укуктук формасы: Жамаат Менчик туру: Жеке Юридикалык дареги: Конорчок айылы, Ак-Талаа району Жамааттын төрагасы: Боталиев Таалайбек

2. Ак-Талаа райондук улуттук статистика комитетинин код ОКПОсун белгилөө менен жана бирикме юридикалык каттодон өткөндөн кийин күбөлүк берүү жагы Конорчок айыл аймагынын айыл өкмөтбашчысы К.Сатындиевге жана жооптуу катчы К.Калыковага милдеттендирилсин.

3. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Конорчок айыл өкмөтүнүналдында тузулгон “Форель” жамаатына жүктөлсүн.

4. Жамаат менен аткаруу бийлиги эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барышсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Коңорчок айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Касымбаев