Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 06
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2014-жылдын 22-январындагы
№1 сандуу токтомунун 1-бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө
Өзгөн райондук прократурасынынын 2015-жылдын 04-февралындагы № 11-148-15-сандуу каршылык билдирүүсүн жана мыйзам бузуучулукту жоюу жана мындан ары болтурбоо жөнүндө сунушун карап талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2014-жылдын 22-январындагы №1 сандуу токтомунун 1- бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу жокко чыгарылып мыйзам талаптарына ылайык келтирилсин.
2. Өзгөн райондук прократурасынынын 2015-жылдын 04-февралындагы № 11-148-15-сандуу каршылык билдирүүсүн жана мыйзам бузуучулукту жоюу жана мындан ары болтурбоо жөнүндө сунушунда мыйзам бузуучулукка жол беришкен айыл өкмөтүнүн тиешелуу кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилигин чечүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук ,регламент, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Суранов М.Р |