Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 07
Ак-Терек айылынын таза суу түтүгүн 2015-жылы кезектеги
ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
АРИСтин Айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында курулган Ак-Терек таза суу түтүгүн андан ары сактап калуу үчүн 2015-жылы кезектеги ремонттон өткөрүү жана ар кандай авариялык иштерди калыбына келтирүү максатында Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылындагы таза суу түтүгү 2015-жылы кезектеги ремонттон өткөрүлсүн.
2. Аталган таза суу түтүгүн 2015-жылы кезектеги ремонттон өткөрүү жана ар кандай авариялык иштерди калыбына келтирүү үчүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюжетинен 50 000(элүү мин ) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
3. Кезектеги ремонттон өткөрүү жана ар кандай авариялык иштерди калыбына келтирүү үчүн каражатты бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы ,экономика,бюжет ,экономикалык жактан өнүгүунүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери “боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Суранов М.Р |