Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 09
Жазгы-талаа иштерин аткарууга алуу жөнүндө
2015-жылдын жазгы талаа иштерин өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыздоо максатында Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика масалелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимине ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагында 2015-жылдын жазгы талаа жумуштарын аткарууга алуу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
2. Уюштуруу иштерин иш чаранын негизинде жүргүзүү, элдин үрөн, айыл чарба техникалары, күйүүчү майлоочу май менен камсыздоону көзөлмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагынын калкынын- мал жандыктарын жугуштуу ыландарды алдын алуу боюнча эмдөөлөрдөн өткөрүп жайыттарга жайгаштыруунун үстүндө иштер алынып барылсын жан ал иштерди алып баруу жагы жайыт комитетине ,ветеринардык иштер боюнча адиске милдеттендирилсин.
4. Эгин аянттарын корукка алууну уюштуруу жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика масалелери“ боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Суранов М.Р |