Загрузка документа…
АТ-БАШИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-декабры №18-5
Ат-Башы айыл округунун тургундарына берилүүчү справкалар үчүн акыларды бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл округу тарабынан айыл округдун тургундарына үй-бүлөө тууралуу, жашап тургандыгы тууралуу, базарга сатуу үчүн малга берилүчү справкалар үчүн акы алуу үчүн справкалардын түрлөрүнө жараша акыларды бекитип берүү боюнча айыл округдун салыктар жана жыйымдар боюнча башкы адиси Т.Барктабасовдун сунушун угуп жана талкуулап, айыл тургундарына берилип жаткан справкалар үчүн айыл округдун бюджетинин эсебинен чыгымдар кетип жаткандыгын эске алуу менен депутаттардын Ат-Башы айыл округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл округу тарабынан 2012-жылдын 1-январынан баштап айыл округдун тургундарына берилүчү справкалар үчүн алардын түрлөрүнө жараша төмөндөгүдөй акылар бекитилсин:
1) Базарга сатуу үчүн майда жандыкка (кой, эчки) берилүчү справка үчүн 5 (беш) сом
2) Базарга сатуу үчүн бодо малга берилүчү справка үчүн 10 (он) сом;
3) Кредиттик мекемелерге үй-бүлөө жана күрөөгө коюлуучу мал тууралуу берилүчү справкага 10 (он) сом;
4) Үй-бүлөө тууралуу жана жашап тургандыгы тууралуу берилүчү справкаларга 5 (беш) сомдон
2. Төмөндө көрсөтүлгөн категориядагы жарандар, өздөрүнүн наамына үй-бүлөө тууралуу (кредитке эмес) берилген справкаларга акы төлөөдөн бошотулсун
-Афган согушунун катышуучулары;
-Чернобыль кырсыгынын катышуучулары;
-I, II топтогу майыптар;
-Мамлекеттен жөлөк пул алуучулар;
-Баткен коогалаңынын катышуучулары.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Баши айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Ажыбаев
|