Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 03
Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Үч-Капчал
айылынын Сай, Арал, Ак-Кыя учаскаларын ичүүчү таза
суу менен жана агын суу менен камсыздоо жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Үч-Капчал айылынын Сай, Арал, Ак-Кыя учаскаларынын тургундарынын айыл кенешине жазган арыз даттануусун угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Капчал айылынын Сай ,Арал,Ак-Кыя учаскаларынын тургундарынын ичүүчу таза жана мал-жандык ичүүчү агын ,чарбактарды сугаруучу сугат суулары экологиялык жактан булганып , айыл тургундарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизип ,саламаттыгына доо кетирип , мал жандыктардын жабыр тартып, ички чарбактардын экологиялык жактан бузулуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Сары-Таш таш кенинде иш жүргүзүп жаткан ишканалардын баары, “Сары –Таш”казуу жана ташты кайра иштетүүчү ишканалардын Ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмеси айыл тургундарынын ден соолугуна ,мал жандыктардын жана ички чарбактардын экологиялык жактан бузулушуна алып келүүчү коркунучтарынын баарын тез арада жоюу максатында 2014-жылдын
1-майына чейин айыл тургундарынын ичүүчу таза суу түтүгүн айылга тартуу иштерин ,ички чарбачылыкка пайдалануучу жана мал жандыктар ичүүчү агын суунун нугун кендин зыяндуу таштандылар аркылуу эмес ,залал келтирбөөчү нук аркылуу өткөрүу иштерин бүткөрүшсүн.
3. Жогорудагы маселени чечүүнү ишканалар жана асоссация тарабынан кен иштетүүдөн таап жаткан пайда каражаттарынын эсебинен жүргүзүү маселесин чечишсин.
4. Экологиялык коркунуч жараткан жагдайды жоюп элдин талабын аткарып берүү үчүн жумшалган каражаттын ырастоочу иш кагаздарынын тастыктоосу менен ачык айкын өткөруп берүү маселесин“Сары –Таш”казуу жана ташты кайра иштетүүчү ишканалардын Ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесине жүктөлсүн.
5. Аткарылган иш чаранын негизинде бүткөрүлгөн иштин сапатуулугун жана ынанымдуулугун жеринде текшерип кабыл алуу үчүн айыл тургундарынын ,айыл өкмөтүнүн адистери катышкан байкоочу жана кабыл алуучу комиссиясы түзүлсүн.
6. Ишканалардын жумушчу тобуна таза суу булактары жайгашкан аймакты жана кандай тартуу керектигин жөнүндө маселелерди Уч-Капчал ,Сай айыл тургундары менен биргеликте Уч-Капчал айылынан шайлаганган депутатар жана айыл башчы көмөк көрсөтүшсүн.
7. Айылдык кенештин токтомун аткарууга алуу же албоо жагы 2014-жылдын 15-апрелине чейин айылдык кенешке жана айыл өкмөтүнө билдирүү берүү жагы “Сары –Таш”казуу жана ташты кайра иштетүүчү ишканалардын Ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесине милдеттендирилсин
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жага регламенти сактоо боюнча комссиясына жуктолсун.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Кушбаков |