Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 04
Жалпак-Таш айылдык кенешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагында бир тилдүү кыргыз улутундагы гана жарандардын жашагандыгын, бир дагы башка улуттун өкүлдөрү жоктугун, ошондуктан Жалпак-Таш айыл аймагында айылдык кеңештин иш кагаздарын мамлекеттик тил кыргыз тилинде жүргүзүу жөнүндө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагында бир тилдүү кыргыз улутундагы гана жарандардын жашагандыгы , бир дагы башка улуттун өкүлдөрү жоктугу эске алынып Жалпак-Таш айылдык кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тил- кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Жалпак-Таш айылдык кенешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестирине киргизүү үчүн мамлекеттик тилде гана жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Кушбаков |