Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 29-декабры № 30
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы аткарылган иштер жөнүндө
Айыл чарбасы,онор жай,курулуш, транспорт,энергетика масалелери боюнча туруктуу комиссиянын торагасы М.Максутовдун Жалпак-Таш айыл окмотундогу айыл чарба багытындагы аткарылган иштер жонундо билдируусун угуп талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл окмотундогу айыл чарба багытындагы аткарылган иштер кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Туз-Бел айылынын башчысынын айыл чарба багытындагы аткарылган иштер жонундо масалеге байланышкан иштер боюнча жана Уч-Капчал айылынын башчысынын устунон жазылган арыздар боюнча жеринде жыйын уюштурулуп каралсын жана ошол чечимге ылайык жыйынтык чыгарылсын.Жыйынга айылдык кенештин депутаттары катышуусу милдеттендирилсин.
3. Жер адиси О.Жакыпбаевдин муниципалдык кызматты башка иш менен айкалыштыруусун тактоо,ал боюнча тиешелуу чараларды коруу жагы айыл окмотунуну башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айыл чарбасы,онор жай,курулуш, транспорт,энергетика масалелери боюнча туруктуу комиссияга жуктолсун.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Суранов |