Редакцияот 17.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы

 

2014-жылдын 17-июлу № 14

Курбу-Таш айылыны тургуну Кадыров Абдымомун Пазыловичтин жеке менчик

 турак үйүн Курбу-Таш балдар бакчасы үчүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүнүн

муниципалдык менчигине  сатып алуу жөнүндө

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун билдирүүсун угуп талкуулап, Курбу-Таш айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айыл кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курбу-Таш айылыны тургуну Кадыров Абдымомун Пазыловичтин жеке менчик турак үйү,жайгашкан жер тилкеси  жана бак-дарагы   Курбу-Таш балдар    бакчасы үчүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  сатылып алынсын.

2. Жеке менчик турак үйдү мыйзамдуу  сатып алууну уюштуруу үчүн курамы төмөндөгүлөрдөн турган комиссия түзүлсүн.

1. Аккулов Абдыкапар – айылдык кенештин депутаты –комиссиянын төрагасы.

2. Суранбаев Осмонали- айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

3. Нурдинов Акылбек-  айыл өкмөтүнүн юристи –башкы адис.

4.Жакыпбаев Орунбек –айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси,

5. Маткасымов Жыргалбек –айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектоочу адиси

6. Амиров Кудайберди -Курбу-Таш айылыны башчысы

7. Кадыров Абдымомун -жеке менчик турак үйдүн ээси

3. Сатылып алынган жеке менчик турак үй,жер тилке,бак-дарактары айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын жана муниципалдык менчик реестирине киргизилсин.

4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы регламент ,мыйзамдуулук ,укук тартиби  жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Жалпак-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кушбаков