Редакцияот 17.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы

 

2014-жылдын 17-июлу № 19

 Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасын жана анын орун басары шайлоо жөнүндө

КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесине жана Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасын шайлоо комиссиясынын жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө токтомуна ылайык Жалпак-Таш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасын шайлоо комиссиясынын жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө токтомуна ылайык Суранов Марат Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Жалпак-Таш айылдык кенешинин торагасынын орун басары Суранов Марат Жалпак-Таш айылдык кенешинин торагасы болуп шайлангандыгына байланыштуу Жалпак-Таш айылдык кенешинин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Жунусалиев Абдиназарбек Жалпак-Таш айылдык кенешинин торагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

Жалпак-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кушбаков