Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 7-октябры № 22
Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун айылдар жайгашкан бөлүктөрүнүн абалын жакшыртуу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагы бийик тоолуу, шарты катаал аймакта жайгашкан жана анын карамагында сегиз миңден ашуун калк жашайт. Айыл аймагын райондун борбору менен байланыштыруучу Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун абалы абдан начар. Эң негизгиси жай,куз айларында авто каттамдардын коптугунон улам жол боюндагы айылдарды чаң каптап турак үйлөрдүн, мектептердин, ФАПтардын эшик терезелеринен кирип, адамдардын ичүүчү суусун, тамак ашын,үй эмеректерин каптап элдин ден соолугуна тескери таасирин берүүдө.Адамдардын дем алуусу үчүн керек болгон аба булганып, ар түрдүү оорулар пайда болууда. Ал эми кыш,жаз мезгилдеринде айыл ичиндеги жолдор баткака айланып айыл элинин кундолук жашоо турмушунда кыйынчылыктарды пайда кылып, эң оорчундуу көйгөйлүү маселе жаралгандыгына жана аталган жолду асфальттоо жөнүндөгү Жалпак-Таш айыл аймагынын жашоочуларынын айылдарда өткөрүлгөн жыйындарынын токтомдорун талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагын райондун борбору менен байланыштыруучу Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун абалы абдан начар абалда экендиги жана эң негизгиси жол боюндагы айылдарды чаң каптап турак үйлөрдүн, мектептердин, ФАПтын эшик терезелеринен кирип адамдардын ичүүчү суусун, тамак ашын,үй эмеректерин каптап элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизип жаткандыгы Жалпак-Таш айыл аймагынын калкынын эң оорчундуу көйгөйлүү маселеси катары белгиленсин.
2. Жалпак-Таш айыл аймагынын калкынын жогорудагы көйгөйлүу маселесин чечүү максатында Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун боюндагы айылдар жыш жайгашкан Курбу-Таш айылынын Абдыкаар учаскасынан Көк-Чопо усаткасына чейин 2,5 (эки жарым) чакырым аралыкты капиталдык ремонттон өткөрүү жана асфалтоо жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жана ишке ашыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовго жуктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жуктолсүн.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Кушбаков |