Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 7-октябры № 25
Үч-Капчал айылындагы ФАПка(Фельдшердик-акушердик пунктка)
дарыгер Көчөров Чырмаштын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Коомдо асыл нарктуу адеп-ахлак,ызаат урмат,ыймандуулук өңдүү жалпы адамзаттык бийик баалуулуктардын көбөйө берүүсүнө өбөлгө түзүү жана өмүрү өрнөктүү адамдардын жаркын элесин элдин жүрөгөндө сактоо максатында жана Үч-Капчал айылынын тургундарынын кайрылуусуна таянып Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Үч-Капчал айылындагы ФАПка (Фельдшердик-акушердик пунктка) дарыгер Көчөров Чырмаштын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук ,регламент, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Суранов |