Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2013-жылдын 30-марты № 8/3
Будалык айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган
Токтомдорду мамлекттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ченемдик укуктук актылары жонундо” мыйзамына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигин,” Ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекттик тилди билген адамдардын көпчүлүгу жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнүн негизинде жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенкштин сессиясында ченмдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Будалык айылдык Кенеши тарабынан кабыл алынган. “Ченемдик укуктук актылардын” долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Будалык айылдык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо,бюджет,жол транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |