Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2013-жылдын 1-июну № 9/5
Будалык айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” төрагасын бекитүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Осмоновдун билдируусун угуп жана талкуулап, жалпы элдик жыйындын № 1 15-май 2013-жылдагы токтому менен таанышып, Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буга чейин “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” торагасы Т.Бакировдун турмуш шартына байланыштуу бул милдетти аткаруудан бошотулсун
2. Жалпы элдик жыйындын № 1 15-май 2013-жылдагы токтому менен сунушталган Кайнама айылынын тургуну Исаков Мыктыбек Зикирович “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” торагасы болуп бекитилсин жана жайыт бирикмесинин бухалтердик милдетин кошуп аткаруу дагы жуктолсун.
3. Бир жылдык жайыт толомдорунун топтолгон суммасынын 40 пайызын “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” тораганын эмгек акысына болуп беруу жагы каралсын
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |