Редакцияот 447529
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл округдук кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы

 

2012-жылдын 3-апрели №20-16

Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл округунун жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл округунун жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2012-жылга бюджети боюнча Ат-Башы айыл округунун жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин билдирүүсүн угуп жана жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2012-жыл үчүн бюджетин карап, талкуулап Ат-Башы айыл округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл округунун жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2012-жылга бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Ат-Башы айыл округунун жайыт салыгын чогултуп жана жергиликтүү бюджетке төгүп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевке милдеттендирилсин.

 

Ат-Башы айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Ажыбаев