ТоктомКүчүндө

Ой-Тал айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-февралындагы № 14/4 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесиснин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ой-Тал айыл аймагында жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө" токтому

Редакция14.02.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XIV сессиясы

 

2015-жылдын 14-февралы № 14/4

 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесиснин негизинде,

ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

 Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ой-Тал айыл аймагында

жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө

 

Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин кезектеги 14-сессиясынын (5- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ой-Тал айыл окмотунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине(ЖПБ) жайыт жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктары откорулуп берилсин.

 2.Айыл окмотунун жайыт Комитетинин томонку сунуштары бекитилсин.

 - 2015-жылга жайыт пайдалануу учун акы толоонун олчомдору;

 - ири муйуздуу малар - 1 баш учун 40 сом

 - кой-эчкилер - 1 баш учун 8 сом

 - жылкылар - 1 баш учун 40 сом

 Айыл окмотуно сырттан келген малдар учун белгиленген баадан эки эсе,эгерде жайыт

Комитети менен келишим тузбосо

- бодо мал - 1000 сом

- кой-эчкиге - 300 сом олчомундо айып салынсын.

3. Айыл окмотунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасына 8 айга 3500 сомдон,эсепчисине 3000 сомдон эмгек акы толонуп берилсин жана жайыт Комитетине пайдаланылуучу жайыт участкалары учун жер салыгын жыйноо,келип тушкон каражаттарды жергиликтуу бюджетке багыттоо милдети жуктолсун.

4. Ой-Тал айыл окмотунун пайдаланылган жайыт аянты 7160 га болуп,1 га аянтка жер салыгы 5.30 сомдон бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл окмотунун башчысы К.Осмоновго жуктолсун.

 

Ой-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Орунбеков