Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-январы № 41
Манас районундагы айылдык аймактары арасындагы
муниципалдык «техникалык сервис» ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24-сентябрь 2014–жылындагы «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичичүү суу менен камсыздоо жана саркымды сууларды чыгарууну өнүктүрүнүн 2014–2024–жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндө № 548 токтомундагы иш чараларынын планын 3 пунктунун «Райондордун борборлорунда техникалык сервис кызматарын түзүү» негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликее алып Май айылдык аймагында техникалык сервис кызматын түзүү боюнча Май айылдык аймагынын айыл кенеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24-сентябрь 2014–жыл № 548 токтомунун негизинде Манас районундагы аймак арасында муниципалдык «техникалык сервис» ишканасы түзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айылдык аймагынын айыл кенешинин орун басары Б.Сагындыковго милдеттендирилсин.
Май айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Баялиев |