НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2012-жылдын 4-февралы № 20/3
Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Нарын районунун административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан баштап Нарын районунун административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы;
-1, 2, 3 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:
-Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жер салыгы жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салыккызматынын Нарын району боюнча башкармалыгына (Р.А.Абдылдаев) тапшырылсын.
Депутаттардын Нарын райондук кеңешинин төрагасы |
М. Курманкожоев |