Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-декабры № 6
Айыл өкмөтүнүн аймагында ар түрдүү терс диний агымдардын таасиринин жайылышына жол бербөө
жана жаштар арасында улуттар аралык каршылыктарды болтурбоо жөнүндө
А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында ар түрдүү терс диний агымдардын таасиринин жайылышына жол бербөө жана жаштар арасында улуттар аралык каршылыктарды болтурбоо максатында, айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
1. Айыл комитети.
2. Айыл башчысы.
3. Аялдар кеңеши.
4. Мечиттин имамы.
5. Участковый милиция.
2. Түзүлгөн комиссия курамы айыл өкмөтүнүн аймагында ар түрдүү терс диний агымдардын таасиринин жайылышына жол бербөө жана жаштар арасында улуттар аралык каршылыктарды болтурбоо максатында, жер жердерде элдер менен жыйындар өткөрсүн жана бири бири менен тыгыз иш алып барышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Алля Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдуллаев |