Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 3
Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңешинин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, Ак-Кудук айылдык Кещешинин, Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирөүү максатында Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы менен түзүлгүн меморандумун жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Ак-Кудук айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Ак-Кудук айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
5. Ак-Кудук айылдык Кеңеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
7. Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Черткиевге жүктөлсүн.
9. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле Ак-Кудук айылдык Кеңешин мамлекеттик каттоо, Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Ак-Кудук айылдык кеңештин төрагасы |
З. Алдакеев
|