ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 24-декабры № 6/2
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнун аймагындагы жайыттарды эффективдүү
пайдалануу боюнча жайыт комитетинин 2013-жылда 11-айдын
жыйынтыгы боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жөнүндөгу» Мыйзамынын 31-беренесине негизинде Ылай-Талаа айылдык округунун Жайыт Комитетинин торагасы Э.Осмоналиевтин 2013-жылда 11-айдын жыйынтыгы боюнча жургузгон иштери боюнча маалыматын угуп жана айылдык Кенештин агрардык, азык-тулук, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы У.Ажимаматовтун сунушун талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин торагасы Э. Осмоналиевтин 2013-жылда 11-айдын жыйынтыгы боюнча жургузгон иштери айрым кемчиликтери менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнун тургундарынын жеке менчик малдарынан алынуучу жайыт акыларынын алууда жеткиликтуу тушундуруу иштерин оз денгээлинде жургузуу жана жайыттын инфракструктурасын жакшыртуу бонча иштерин алып баруу жагы айыл башчыларына жана жайыт комитетинин торагасы Э.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин агрардык, азык-тулук, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы У.Ажимаматов ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |