Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 6/6.1
Ылай-Талаа айыл аймагынын атына М.Баатыровтун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Маркум Мариш Баатыров азыркы Ылай-Талаа айыл аймагын мурунку Карл-Маркс колхозун туптоогон жана синирген зор эмгеги учун «Ленин», «Эмгек Кызыл –Туу», «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССРинин 2 жолку чакырылышынын депутаты. Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа, Шаркыратма, Сай, Жылкол, Сары-Таш, Ж.Айтбаев атындагы толук эмес орто мектебинин эмгек жамааттарынын жыйындарынын протоколдорунун негизинде жана айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын торайымы И.Кожоеванын сунушунун жана маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа, Шаркыратма, Сай, Жылкол, Сары-Таш, Ж.Айтбаев атындагы толук эмес орто мектебинин эмгек жамааттарынын жыйындарынын протоколдору бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын аталышы – Мариш Баатыров атындагы Ылай-Талаа айыл аймагы болуп аталсын
3. Бул токтомду бекитип беру жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеше сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин тиешелуу туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |