Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 16-майы № 131
Мырза-Аке айылынын тургуну Акматалиева Кайрынсаны
«Айылдын ардактуу атуулу» наамына ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXI сессиясы, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык (55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну Акматалиева Кайрынсаны аталган наамга көрсөткөн сунушу менен таанышып чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылөкмөтүнүн тургуну Акматалиева Кайрынса айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричик деңгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ мыкты сапаттары, үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна тапшырылсын.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |