Редакцияот 19.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2015-жылдын 19-июну № 132

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Мамлекеттик жер долбоорлоо «Кыргызгипрозем» ишканасы тарабынан даярдалган, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча маселени карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясынын 4-пунктунун негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Мамлекеттик жер долбоорлоо «Кыргызгипрозем» ишканасы тарабынан даярдалган, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн административдик чек аралары жазылышы боюнча бекитилип берилсин.

2. Өзгөн мамлекеттик администрациясы тарабынан Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн административдик чек аралары жазылышы боюнча бекитилип берүү жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Тынай уулуна милдеттендирилсин.

 

Мырза-Аке айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кимсанов